• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР менен Түркиянын соода жүгүртүүсүн 1 млрд долларга чейин көбөйтүү керек – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. 2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 93 млн доллардан ашык инвестиция тартылган. Бул тууралуу кыргыз-түрк бизнес форумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында Түркиядан жалпы 600 млн доллардан ашык инвестиция тартылган.

"Бирок, эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгү толук кандуу пайдаланылган жок. Биз Режеп Тайип Эрдоган менен жакынкы жылдары эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 400 млн доллардан 1 млрд долларга чейин көбөйтүү тууралуу сүйлөшкөнбүз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий