• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан менен Түркиянын жарандарын эвакуациялоо үчүн чартердик каттамдарды уюштуруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-апрелде Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Мевлют Чавушоглу видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маектин жүрүшүндө министрлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле 2020-жылдын 10-апрелинде болуп өткөн Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын видео-саммитинин жыйынтыктарын ар тараптуу ишке ашырууну талкуулашты.

"Министр Айдарбеков коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө биргелешкен практикалык өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгына көңүл бурду. Тараптар COVID-19ду дарылоо жана анын алдын алуу боюнча онлайн жана башка консультацияларды жүргүзүү үчүн эки өлкөнүн медициналык кызматтарынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн тастыкташты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн жарандарын эки тараптуу эвакуациялоо үчүн чартердик рейстерди уюштуруу маселесин дагы талкуулашты.

"Ар дайымкы авиакаттамдардын жандануусуна чейин өлкөдө болуунун же жашоо түрүнүн визалык мөөнөттөрү өтүп кеткен Кыргызстандын жарандарына карата айып санкциялары колдонулбасын деген түрк бийликтеринин чечими үчүн министр Ч.Айдарбеков кесиптешине ыраазычылык билдирди. Аны менен бирге Түркиянын COVID-19 менен күрөшүүдө кКРга көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун Түркиянын ТИМ башчысын ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий