• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Түркиянын ТИМ башчылары кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Кечээ, 2-апрелде Кыргызстан менен Түркиянын Тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мевлют Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

"Министрлер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин жана ушул жылга пландалган иш сапарларды, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракетенүүнү талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий