• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен Түркиянын ТИМ башчылары өз ара кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, расмий сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык пландоо Биргелешкен обунун 3-жыйыны болуп өттү.

"КР менен Түркиянын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-түрк мамилелеринин кыйла орчундуу жана келечектүү маселелерин, ошондой эле көп тараптуу форматта өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Мындан тышкары тараптар эки тараптуу келишимдик-укуктук базанын абалын жана эки өлкөнүн жетекчилигинин ушул жылдагы байланыш графиктерин карап чыгып, саламаттыкты сактоо, билим берүү жаатында жана ТИКАнын линиясы боюнча кызматташуунун алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты", - деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы 4-Жогорку Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин жыйынтыктарын ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынын өткөрүү, өз ара соода-сатыкта тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө басым коюлду.

"Кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2011-жылдын 26-апрелиндеги жарандардын өз ара баруулары жөнүндө Макулдашууга Кошумча Протоколго кол коюшту", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлери эмгек визаларын тариздөө боюнча консулдук жыйымдардын наркын өз ара төмөндөтүү жөнүндө ноталар менен алмашышты. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын жарандарына эмгек визаларын тариздөө үчүн консулдук жыйымдардын наркы - мурдагы 283 доллар өлчөмүндөгү тариф эми 2019-жылдын 15-майынан баштап 30 долларга чейин төмөндөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий