• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР менен Тажикстандын ТИМ башчылары чек ара жана Памир кыргыздарына жардам жеткирүү маселесин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 7-апрель /Кабар/. 2017-жылы 6-апрелде Кыргызстандын Ташкент шаарындагы элчилигинде КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен Тажикстандын ТИМ башчысы С.Асловдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын, анын ичинде эки өлкөнүн чек араларын делимитациялоо, чек ара кызматташтыгы, ишеним чараларын бекемдөө, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин позитивдүү динамикасын жана аны мындан ары дагы өнүктүрүү боюнча келечек пландарды белгилешип, аймактык коопсуздук, атап айтканда Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Э.Абдылдаев тажик тарапка Афганистан Ислам Республикасынын аймагында жайгашкан Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүдө кыргыз тарапка колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий