• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР менен Тажикстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, министр Айдарбеков тажик-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Ишкобод» заставасына болгон чабуулга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

«Кол салуунун кесепетинен Тажикстандын аскер кызматчылары тарабынан каза болгондор жана жабыр тарткандар бар. Кыргыз тарап мындай актыларды айыптайт жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында региондун өлкөлөрүнүн биргелешкен күч-аракеттерине бекем колдоо билдирет», - деген Айдарбеков.

Андан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков каза болгон тажик аскерлеринин жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айткан.

Белгилей кетсек, тажик-өзбек чек арасындагы чек ара тозотундагы ок атышуудан тажикстандык чек арачы менен милиция кызматкери окко учкан. Мындан тышкары чабуул жасаган 15 кол салуучу өлтүрүлдү, алар беткапчан болгон.

Чек ара тозоту Душанбе шаарынан 60 чакырым аралыктагы Рудаки районунун аймагында жайгашкан. Ага 20 киши кол салган. Окуя 6-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат үчтө болгон.

Пикир

Оставить комментарий