• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлери чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Чек арага чектеш аймактардагы чыңалууну жоюу боюнча эки жакка бирдей болгон чараларды кабыл алуу маанилүү экенин айтышты.

Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна 2020-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти.

Ошондой эле тараптар биргеликте окуяны ар тараптуу иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, ошондой эле облус жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүү процессине жалпы көзөмөл жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жеринде иш алып барууда.

Эки тарап тең чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий