• 84.8
  • 101.48
  • 1.12

КР менен Өзбекстандын ортосунда 15 пайызга жакын макулдашылбаган мамлекеттик чек ара тилкеси калды

Саясат 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда макулдашылбаган 15 пайызга жакын мамлекеттик чек ара тилкеси калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, чек ара боюнча 28 өкмөттүн отуруму өткөн.

“Келишимдин макулдашылган алкагына чыгуу жана акылга сыярлык чечимдерди кабыл алуу үчүн интенсивдүү жана конструктивдүү диалог жүрүүдө”, - деди ал.

“Өткөндөн бизге татаал мурас калды жана бул Кыргызстан менен Өзбекстандын жасаганы. Биз муну эске алышыбыз керек”, - деди элчи.

Пикир

Оставить комментарий