• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР менен Өзбекстандын өз ара мамилелери эл аралык аянтчаларда интенсивдүү түрдө уланууда - элчи

Саясат 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин эл аралык аянтчаларда интенсивдүү саясий диалогу уланууда. Анын ичинде Шанхай кызматташтык уюму, Аралды куткаруу эл аралык фонду, Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн башчыларынын Астана консультативдик жолугушуусу бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, 22-июнда БУУдагы Борбордук Азия боюнча Өзбекстан коңшу мамлекеттер менен иштеп чыккан резолюциянын бир добуштан колдоого алынып, кабыл алынышы аймактагы ишенимдин жана жакшы кошуналыктын жаңы атмосферасынан кабар берет.

“Резолюцияда Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн аймактагы тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодогу, аймактык жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу көрсөтүлгөн. Афганистандагы тынчтык процессине жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө биргеликте аракеттенүү Борбор Азия өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери менен ишке ашууда. Аймактын транспорттук маршруттарынын диверсификациясынын дагы бир маанилүү фактору “Ташкент-Андижан-Ош-Эркечтам-Каргаш” автоунаалык маршруту болду”, - деди ал.

Элчи жалпысынан өзбек-кыргыз өз ара колдоосу көп багыттарда кеңейип жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий