• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР министрлер кабинетинин иши жөнүндө түшүндүрмө

Президент 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстан эли «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» сегиз беренеден турган Кыргыз Республикасынын мыйзамына добуш берди. Аталган мыйзамдын 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тексти берилген. Мыйзамдын 2-8-беренелери (өткөөл жоболор) бийлик институттарынын мурастоочулугун жана коомдун туруктуулугун, Конституциянын күчүнө киришин камсыз кылган ченемдерди жөнгө салат.

Ошентип Конституциянын тексти (мыйзамдын 1-беренеси) менен өткөөл жоболорун (мыйзамдын 2-8-беренелери) бир бүтүндүктө түшүнүп, колдонуу керек. Ошол эле учурда, Конституция жана мыйзам боюнча Министрлер кабинетин түзүүдө ар кандай жол-жоболор каралган.

Мыйзамдын 4-беренесине ылайык (өткөөл жоболор), жаңы Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелинет. Ошону менен бирге, Өкмөт тарабынан ыйгарым укуктарды аткарууну улантуу каралбагандыктан, Министрлер кабинетинин курамын токтоосуз түзүү талап кылынган.

Аталган мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык, Министрлер кабинетинин курамын түзгөнгө чейин Президент Жарлыктын негизинде убактылуу Министрлер кабинетинин курамын түзө алат жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындай алат. Ошол эле учурда, бул мыйзамдын ченеминде (4-берене) Жогорку Кеңештин макулдугун алуусу каралган эмес.

Ошентип, мыйзамдын өткөөл жоболорунда КР Президентине Кыргыз Республикасынын убактылуу Министрлер кабинетин өз алдынча түзүү укугу берилген.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдары кабыл алынып, алардын негизинде жаңы парламент түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан убактылуу түзүлгөн өлкөнүн Министрлер кабинети жаңы Конституциянын эрежелерине ылайык, жаңы Министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарышат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандай болбосо дагы мыйзамдын эрежелерине ылайык, президент убактылуу министрлер кабинетин түзүүгө укуктуу жана милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндөгү Жарлыктарында «убактылуу» деген терминди колдонуу талап кылынбайт, анткени аларды дайындоо мыйзамдын убактылуу түзүү жөнүндө көрсөтүлгөн 4-беренесинин негизинде ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий