• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР МСК : Эки айдын ичинде 11 млрд сомдон ашык салык чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Алдын ала маалыматка ылайык, 2017-жылдын январь-февраль айларында КР Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 11 млрд 197,8 млн сом салык чогултулган.

КР МСКнын басма соз кызматы билдиргендей, белгиленген план 102,2%га же 241,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2016-жылдын ушул айларына салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 1 млрд 270 млн сомго же 12,5% көбөйгөн. Ал эми сатуулардан түшкөн салыктарды эсепке албаганда өсүш темпи 20,3%ды түзгөн.

2017-жылдын февралында 5 млрд 753 млн сом топтолгон. План 102,8%га же 155,7 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2016-жылдын февралына салыштырмалуу түшүүлөр 534,6 млн сомго көбөйгөн.

Пикир

Оставить комментарий