• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР муфтийи Москванын борбордук мечитинде кыргыз мекендештери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва шаарындагы борбордук мечитте Орусияда эмектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушту, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушуу алкагында Азирети Муфтий үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, берекелүү жашоо, ынтымактуулук, эне тили жана балдардын тарбиясы, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча кеңири маалымат берди.

"Аны менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, кандай гана шарияттык негиздеги суроолор жаралбасын дин аалымдарына, Муфтиятка кайрылууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий