• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР муфтийи Россиянын Свердлов облусунун муфтийи менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Федерациясынын Екатеринбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Орусия Федерациясынын Свердлов областтык мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Артур Мухитдинов менен эки тараптуу кызматташуу, тажрыйба алмашуу, ар кандай азгырыктардын алдын алууда биргеликте иш алып баруу жаатында пикир алышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки тараптуу алаканы бекемдөөгө даяр экендигин билдирип, жылуу тосуп алгандыгына жана Екатеринбург шаарында эмгектенген мекендештерибиз менен болгон жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Свердлов облусунун Муфтийи Артур Мухитдинов мындай жолугушуулардын уюштурулушу менен эки өлкөнүн достугу жана дин башкармалыктар аралык байланыш бекемделе тургандыгын айтып, өзүнүн чакан белегин тапшырды.

Эки тараптуу жолугушууга КРнын Екатеринбург шаарындагы генералдык консулу Салимжанов Бообек, Улан ажы Ибраев, Орусия Федерациясынын Урал, Сибирь жана Алыскы чыгыш аймагындагы өкүлү Жусубалиев Сүйүмбек катышты.

Пикир

Оставить комментарий