• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР мушкерлери Индонезияда Азия оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын тогуз мушкери Индонезияда Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Учурда мушкерлер Алмата (Казакстан) шаарында окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Ал 4-мартта аяктайт.

Азия оюндарына Кыргызстандын атынан катышуучулар: Мирлан Туркбай уулу (49 кг), Сыргак Жансейитов (49 кг), Жаныбек Мусаев (52 кг), Сирожидин Абдуллаев (56 кг), Бек Камчыбеков (64 кг), Нурлан Кобашев (64 кг), Абдурахим Абдурахманов (69 кг), Ильяс Макуканбетов (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг). Ага машыктыруучулар Жылдыз Ниязалиев жана башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев.

Кураманын мүчөлөрү спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциядан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 325 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий