• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР мушкерлери ММА боюнча турнирде эки беттешти жеңип алышты - видео

Спорт 0


Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык мушкерлер Москвада өткөн аралаш мушташ боюнча FMR Сhampionship эл аралык турниринде жакшы жыйынтык көрсөтүштү.

Спорттук иш-чара жалпы россиялык "Россия мигранттарынын федерациясы" коомдук уюму тарабынан уюштурулган. Ага Россия, Афганистан, Азербайжан, Армениия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген спортчулар катышкан.

Рингге Кыргызстандын атынан алгач Мурат Гуломов чыккан (84 кг). Ал экинчи раунддун эки мүнөт 58 секундасында Росиялык Антон Андреевди жеңип алган.

Экинчи мекендешибиз Марсел Нурланбек уулу биринчи эле раунддун 1 мүнөт 11 секундасында Тажикстандын өкүлү Рахдор Пирмамадовду утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий