• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР мушкерлери Ташкентте өткөн Азия чемпионатында 8 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында 8 медаль утушкан. Бул тууралуу күрөштүн дүйнөлүк бирикмесинин сайтында маалымдалат.

Эске сала кетсек, турнир Ташкентте (Өзбекстан) 10нан 13-май күндөрү өтүп, ага 21 өлкөнүн мушкерлери катышкан.

Мелдеш эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин стилдери боюнча өткөн.

- 45 кг Акыйкат Гулжигит уулу - күмүш (грек-рим стили);

- 60 кг Элмирбек Садыров - коло (грек-рим стили);

- 65 кг Бакдаулет Эгембердиев - күмүш (грек-рим стили);

- 45 кг Мырза Жыргалбек уулу - коло (эркин күрөш);

- 51 кг Абдымалик Карачов - коло (эркин күрөш);

- 65 кг Стамкул Жаныбек уулу - коло (эркин күрөш);

- 71 кг Алинур Такиров – күмүш (эркин күрөш);

- 57 кг Сезим Жуманазарова - коло (аялдар күрөшү).

Жыйынтыгында КРдин байге куржунунда үч күмүш жана беш коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий