• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«КРнын мыкты экспорттоочусу – 2018» Улуттук сынагы старт алды

Экономика 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018» Улуттук сынагына катышууга экспорттоочуларды чакырат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сынактын максаты – Кыргыз Республикасынын аймагынан продукцияларды экспорттоого аракеттешүү, атамекендик экспорттоочуларга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Сынактын маанилүү милдеттери Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочу компанияларын аныктоо, чет жакта Кыргыз Республикасынын тандалган экспорттук компаниялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, «Best Exporter of the Kyrgyz Republic» эн белгисин таануу аркылуу атамекендик продукцияларды таанытуу жана жайылтууну камсыздоо болуп саналат.

Жеңүүчү компаниялардын тизмеси төмөнкү үч номициядагы топто аныкталат – жалпы тармактык номинация, республиканын аймактары боюнча номинация жана кошумча мотивациялоочу номинация.

Катышууга Кыргыз Республикасында катталган бардык экспорттоочулар чакырылат.

Сынакка катышуу үчүн документтер топтому жана кошумча маалымат www.export.gov.kg сайтында жайгашкан.

Документтер топтому 2019-жылдын 15-апрели саат 18:00 чейин Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин bestexporter@export.gov.kg электрондук дарегине жиберилиши керек.

Сынак өткөрүү жана документтерди даярдоого байланыштуу суроолорду Агенттикке +996 312 620363 телефону боюнча чалып тактоого болот.

Белгилей кетсек, сынак Кыргыз Республикасындагы АКШ Эл аралык өнүктүрүү (USAID) агенттигинин техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий