• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР МЖАК: Абактагы адамга шампундун флаконуна салынган телефонду берүү аракети жасалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 13-март /Кабар/. Абактагы адамга шампундун флаконуна салынган телефонду берүү аракети жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, №47 колониянын кызматкери абактагыларга жиберилген заттарды текшерүүдө диний экстремизм үчүн соттолгон адамга жиберилген шампундун флаконуна көңүл бурушкан.

“Соттолгондун өзүнүн катышуусу менен алар флаконду ачышып, кызматкерлер ичинен шампундан тышкары телефон жана заряддык жабдуу табышкан. Бул тыюу салынган заттарды идишке кантип салышканын болжоого гана болот. Бирок мекеменин кызматкерлери дыкаттык көрсөтүп, мыйзамсыз берүүнүн алдын алышты”, - деп айтылат билдирүүдө.

МЖАКтан билдиришкендей, заттарды берип жиберүүдөгү абактагылардын туугандарынын жана досторунун фантазиясы таң калтырбай койбойт. Акыркы мезгилде эле каймак салынган айнек банкада, айран куюлган тетрапакетте акча, дары-дармек кутусунда телефон, лепешкада сим-карта табылган. Дагы эки сим-карта махорка салынган пакеттен чыккан.

Ал эми алкоголдук ичимдиктерди минералдык суу жана лимонаддын бөтөлкөсүнө куюп киргизүү аракеттери болгон.

Пикир

Оставить комментарий