• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»  Программасы сунушталды

Өкмөт 0

Бишкек, 26.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин ишине катышты. Анын жүрүшүндө аймактык саясат Концепциясы жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы сунушталды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Аймактык саясат Концепциясынын башкы максаты – калктын берекелүү турмушу жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн республиканын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүнү камсыздоо болуп саналат. Концепциянын алкагында жергиликтүү өңдүрүштүк кубаттуулуктарды колдонуу менен жайгашкан аймагынын экономикалык ишмердигине тартылуучу инфраструктурасы бар 20 өсүү шаарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу пландалууда. Мындан тышкары аймактарды адистештирүү жана кластерлөөнү тереңдетүү максатында Ысык-Көл облусунда туристтик кластер, Бишкек жана Чүйдө тигүүчүлүк кластер, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарында айыл чарба кластерлерин ишке киргизүү мерчемделип жатат», - деп баса көрсөттү ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен бирге аймактарда шаарлардын жана калктуу жерлердин инфраструктурасын модернизациялоо долбоорлору илгерлетилерин ырастады.

«Кеп унаа жолдорун куруу жана оңдоо, ирригациялык тармактарды модернизациялоо, социалдык турак-жай менен камсыздоо, социалдык мекемелер тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык абалды түзүү тууралуу жүрүүдө. Өлкө президенти тарабынан аныкталган артыкчылыктар менен катар аймактык саясаттын аталган кадамы экономиканы активдештирүүгө жана аймактарды тездетилген темпте өнүктүрүүгө кошумча дем берет. Бул ошондой эле милдеттерди комплекстүү чечүүгө, ресурстарды топтоштурууга, аймактарды башкаруу үлгүсүн өзгөртүүгө алып келет», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялаган Жарлыгын ишке ашыруунун негизги аспабы катары каралган 2018-2022-жылдарга өлкөнүн Аймактык саясатынын концепциясынын бетачары тартууланды.

Премьер-министр донордук коомчулукка көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүүдө түптүү өзгөртүүлөргө жетишүү үчүн аталган жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга катар Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы тартууланды.

Премьер-министр белгилегендей, аталган өкмөттүк Программа жана аны ишке ашыруу боюнча План калктын пикирин жана талаптарын, депутатардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан. Мындан тышкары, бул документтер учурда иштелип жаткан 2040-жылга дейре Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын негизги багыттарына шайкеш келет.

«Программа өлкөдө экономикалык өсүштү жана финансылык туруктуулукту камсыздоого, бардык социалдык милдеттенмелерди аткарууга жана республиканын стратегиялык умтулууларына, өнүгүүнүн артыкчылыктарына жетишүүгө багытталган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө өнүктүрүү боюнча өнөктөрдүн Координациялык кеңешинин өкүлдөрү өз сунуштарын айтып, Өкмөттүн Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүү боюнча демилгелерин колдоого алууга даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий