• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР нефтетрейдерлер ассоциациясы дыйкандарды күйүүчү май менен толук камсыз кылат

Экономика 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. КР нефтетрейдерлер ассоциациясы жазгы талаа иштери учурунда дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылууга даяр. Бул тууралуу аталган ассоциациядан билдиришти.

"Алдын ала маалымат боюнча, 2020-жылдын январь-февраль айында өлкөгө 214,7 миң тонна мунайзат ташылып келген. Анын ичинен бензин – 106,8 миң тонна, дизель майы –107,8 миң тонна. Ал былтыркы жылга караганда 26%га көп. Суюлтулган көмүр суутектүү газ – 9,8 миң тонна", - деп айтылат маалыматта.

Ассоциациядан белгилешкендей, Айыл чарба министрлигинин божомолу боюнча, 2020-жылы жазгы талаа иштерине 115,7 миң тонна (90,6 миң тонна дизель майы жана 25,1 миң тонна бензин) күйүүчү май талап кылынат.

Пикир

Оставить комментарий