• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР окумуштуулары Өзбекстанда маданият боюнча эл аралык конгресске катышышты

Коом 0

Ташкент, 17-май /Толонбай Курбанов – Кабар/. КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, КР УИА Тарых жана маданий мурас институтунун Маданий мурас борборунун жетекчиси Бакыт Аманбаева Самаркандда “Өзбекстандын маданий мурасы – өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүгө жол” Эл аралык илимий-маданий конгрессинин ишине катышты.

Б.Аманбаеванын айтымында, учурда маданий өз ара глобалдашуу илимий соң мааниге ээ. Мындай иш чаралар дүйнө элдеринин жана өлкөлөрүнүн ортосунда руханий маданият тармагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн берет.

“Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бул тармакта кеңири мүмкүндүктөр жана колдонулбай келген потенциал бар. Кыргыздар менен өзбектердин тарыхы жана тагдыры бир, элдерибиз кылымдардан бери коңшу жашап, руханий жана маданий мурастарыбыз окшош. Мен конгрессте дүйнөлүк маданий коомчулукка Жибек жолундагы маданий мурастарды Кыргызстандын аймагында мындан ары изилдөө кызматташууну сунуштадым”, -деп белгиледи ал.

Эки күндүк форумдун алкагында “Өзбекстандын маданий мурасы дүйнөлүк жыйнактарда” маданий-агартуучулук медиадолбоорунун бет ачары өттү. Ошондой эле, конгресстин катышуучулары жана меймандары “Өзбекстандын маданий мурастары” үч тилдеги жыйнагынын 5 томдугу менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий