• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР окуучулары Бакуда өткөн Эл аралык олимпиадага катышып келишти

Спорт 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Ажербайжандын Баку шаарында 10нан 15-декабрга чейин “таланттарды даярдоочу лаборатория” аттуу олимпиада өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Олимпиада үч сабак боюнча өткөрүлгөн: математика, физика жана химия.

Аталган олимпиадага Россия, Грузия, Беларусь, Эстония, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан катышкан.

Кыргызстандан №61 мектептин окуучулары Бектур Конушбаев, Мурат Сатыбалдиев жана Михаил Цой аттуу окуучулар катышкан.

Бектур Конушбаев коло медалын утуп келген.

Тайпалык саноодо:

1 - орунду Россия- 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло;

2 - Өзбекстан - 3 күмүш;

3 - Тажикстан - 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло.

Пикир

Оставить комментарий