• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР парламенттик делегациясы Пакистанга расмий сапары менен учуп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-март /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация бүгүн, 12-мартта, расмий иш сапары менен Пакистан Ислам Республикасына учуп кетти. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.


Бул сапардын жүрүшүндө төрага Ч.Турсунбеков бир катар жолугушуларды өткөрөт. Анын ичинде Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын спикери Сардар Аяз Садик, премьер-министр Нохаммад Наваз Шариф, Сенаттын төрагасы РазаРаббани жана Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Мамнун Хуссейн менен жолугушат.


Ошондой эле, Жогорку Кеңеш менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын ортосунда парламенттер аралык кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу аземи пландаштырылууда.


Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын расмий сапары үстубүздөгү жылдын 16-мартына чейин уланат. Делегациянын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Абдимуар Маматов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов, Эмиль Токтошев кирген.

Пикир

Оставить комментарий