• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Премьер-министри: Кыргызстан Пакистан менен саясий, соода-экономикалык кызматташуунун учурдагы динамикасын күчөтүүгө даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын (ПИР) Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы Пакистан менен биргелешкен кызыкчылыкты жараткан бардык спектрлер боюнча ар тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ар да улантууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Акыркы учурдагы кыргыз-пакистан мамилелеринин активдештирилгенин эске алып, мындан ары жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруу менен саясий кызматташуунун учурдагы динамикасын күчөтүүгө даяр экендигибизди билдирем. Биз 2017-жылдын январындагы кыргыз-пакистан соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыгын жаңылоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин оңдуу баалап жатабыз”, – деди Сапар Исаков

«Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн либералдуу укуктук база орун алган. Биз ири пакистандык корпорацияларды жана жеке ишкерлерди кендерди, жаңыланып турган булактарды, айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү, “халал” индустрия, жеңил өнөр-жай, фармацевтика жана медициналык жабдуулар жана экологиялык туризмди өнүктүрүү жаатында биргелешкен кызматташууга чакырабыз», —деп кошумчалады Премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Пакистан тарапка эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды жүргүзүү үчүн пакистандык мамлекеттик жана коммерциялык авиакомпанияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.

Сапар Исаков бул үчүн бардык жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи, анын ичинде географиялык жактан жакындыгы, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн алгылыктуу динамикасы, Кыргызстан менен Пакистандын бизнес коомчулугунун түздөн-түз байланыш түзүүгө кызыкчылыгы, Кыргыз Өкмөтүнүн “электрондук визаларды” киргизүүдөн кийинки пакистандык жарандардын Кыргызстанга туристтик максатта келишинин өсүшүн белгилөөгө болот.

Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан кыргыз-пакистандык байланыштарды өнүктүрүү жана мамилерди ар тараптуу арттыруу максатында эки тараптык укуктук базаны кеңейтип жана мурда кол коюлган өкмөт аралык келишимдерди ратификациялоо сунушталды.

«Биз ошондой эле Кыргызстандын «CASA-1000» регионалдык энергетикалык долбоорун тез арада жана ийгликтүү ишке ашышына абдан кызыкдар экенибизди тастыктайбыз», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Жыйынтыгында Сапар Исаков Шахид Хакан Аббасиге эки тараптын маданий-гуманитардык кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүнү сунуштап кетти.

«Пакистандын расмий жана спорттук делегациясын 2018-жылы Кыргызстан менен маданий диалогду бекемдөө максатында Кыргыстандын тарабынан демилгеленген III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына чакырабыз”, – деди Сапар Исаков.

Өз кезегинде Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси Кыргыз Республикасынын жетекчилигин Пакистан Ислам Республикасына сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле, эки тараптын соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү жана байланыштарды бекемдөө максатында Шахид Хакан Аббаси кыргыз ишкерлерге пакистандык кесиптештери менен жолугушусун сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан жана Пакистан үчүн кызыгуу жараткан энергетика тармагы боюнча долбоорду талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий