• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР премьер-министри Тажикстанга учуп келди

Саясат 0

Душанбе, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн жумушчу иш сапары менен Тажикстанга учуп келди.

Душанбеде Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Делегаттын курамы: КРнын вице-премьер министри Жеңиш Раззаков, КРнын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов, экономика министри Олег Панкратов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев , КР унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров.

Пикир

Оставить комментарий