• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР премьер-министри Владимир Булавинди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда, Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавинди кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында Евразия экономикалык бирлигине (ЕврАзЭс) кирген мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу маселелер талкууланды.

Тактап айтканда, кыргыз тараптын ЕврАзЭс тышкы чек араларындагы өткөрүү пунктарын оңдоосу жана өлкөдөгү ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо тууралуу сөз болду.

Өкмөт башчысы бул жумуш сапар дагы бир жолу Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык мүнөздөгү мамилесин мүнөздөй турганын баса белгилеп, россия тарапка улуттук экономиканын ЕврАзЭс шартына көнүп кетишине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Өкмөтү тарабынан көзөмөл өткөрүү пунктарын ЕврАзЭс талаптарына жооп бере тургандай оңдоодон өткөрүү боюнча активдүү иштер жасалып жатканын жана өлкө аймактары ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар менен камсыздалгандыгын эскертти. Ал бардык тиешелүү мамлекеттик органдар мурда сүйлөшүлгөн эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууну катуу көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Владимир Булавин эки өлкө ортосундагы мурда сүйлөшүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу динамикасы позитивдүү экенин билдирди.

Ал эки тараптуу кызматташтыктын бардык макулдашууларын ишке ашыруу жараяны иштеп жаткандыгын баса белгилеп, анын аткарылышына тийиштүү көзөмөл керектигин кошумчалады.

Владимир Булавин ошондой эле, жумуш сапарынын алкагында кыргыз кесиптештери менен биргеликте Бишкектеги КР Экономика министрлигине караштуу метрология жана сертификация лабораторияларынын, КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясынын жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу оорулардын алдын алуу боюнча Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин ишмердүүлүгү менен таанышарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий