• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР премьери Казакстан эреже бузгандыгын эске алган өзгөчө пикирин билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 03.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 3-ноябрда, КМШ кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында, Кыргыз Республикасына карата Казакстан Республикасынын КМШ мамлекеттеринде эркин соода жүгүртүү тууралуу 2011-жылдын 18-октябрындагы келишимди толук кандуу аткарбай жаткандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын позияциясын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Казакстан Республикасы тарабынан «Транзиттин эркиндиги» тууралуу келишимдин 7-беренесиндеги норма бузулган. Ага ылайык транзитик товарларды жана транспорт каражаттарды көзөмөлдөө, тариф жана соода боюнча 1994-жылдагы (ГАТТ 1994), Башкы макулдашуунун 5-беренесине ылайык эки тараптын макулдугу менен ишке ашырылат. Анда ар бир өлкөнүн аймагынан өтүп жаткан каттам боюнча макулдашылган тарап өзүнүн ыңгайлуулугуна жараша эркин соода жүгүртүүнү сүйлөшүлгөн тарап менен биргеликте ишке ашырат.

Аны менен бирге жогорудагы берененин 5-пунктуна ылайык, ар бир тарап транзит аркылуу алардын аймагынан өтүп жаткан товарларга, башка өлкөлөрдүн аймагы аркылуу өткөнгө караганда алда-канча мыкты шарттарды түзүп бериши керек.

Ошондой эле аталган берененин 4-пунктуна ылайык, тараптардын Бажы органдары улуттук идентификациялык каражаттарды, Бажы камсыздоо тармагындагы башка каражаттарды ошондой эле текшерүүдөгү керектүү документтерди эки тараптын макулдугу менен ишке ашкан Келишимдин негизинде, Эл аралык конвенцияга ылайык таанышы керек.

Казак тараптын ушул жылдын 10-октябрында Казакстандын аймагы аркылуу кыргыз жүктөрүн алып өтүүдө көрсөтүлгөн норма боюнча кол коюлуп, ратификацияланган Эл аралык келишимдеги милдеттемелерди бузгандыгы көрүнүп турат.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк соода уюмунун Макулдашуусунун эрежелерин жана мыйзамдарына ылайык кабыл алынган санитардык жана техникалык иш-чаралар жөнүндө Келишимдин 12-беренесине ылайык, ошондой эле Эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат. Ошол эле учурда, КМШ Аткаруу комитетинин отчетунда белгиленгендей, колдонулган чаралар соода өнөктөштөрдү басмырлоонун бир куралы болуп саналган жана өз ара соодада ашкере тоскоолдуктарды түзүүдө.

Казакстан Республикасы тарабынан коюлган талаптар аймак аркылуу жеткирүү жана транзиттик контролдоого тийиш болгон кыргыз азыктарынын казак тараптан тосулуп турушу да берененин жоболоруна ылайык келбейт.

Бул жагынан алганда, Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы тарабынан эркин соода жүгүртүү чаралары толук аткарылбай жатат деп, эсептейт. Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу товарларды алып өтүүдө чектөөлөр киргизилип жаткандагы жана кыргыз-казак чек арасындагы учурдагы абалы, кыргыз тарап менен болгон эркин соода жүгүртүүдөгү келишимдин алкагында аткарылуучу эрежелерге дал келбейт.

Буга байланыштуу Премьер-министр Сапар Исаков КМШ кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин «2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода жүгүртүү тууралуу келишиминин ишке ашуусу боюнча» чечимине Казакстан Республикасынын эреже бузгандыгын эске алган өзгөчө пикирин билдирүү менен кол койду.

Пикир

Оставить комментарий