• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нарын облусундагы логистикалык борбордун пайдубалына капсула салынды

Аймак 0

Нарын, 11.12.19./Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салышты.

“Бул өзүнчө бир шаарча болот. Биз үчүн инвесторлорду колдоо абдан маанилүү. Анткени, бул обьект Нарын облусунун эле эмес, бүткүл Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Мындай логистикалык борборлор Казакстан, Беларусь, Өзбекстанда курулган”, - деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, логистикалык борбор Ат-Башы районунда Нарын-Торугарт жолунда курулмакчы.

Долбоор боюнча борбордун курулушуна тартылган инвестиция көлөмү 276 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий