• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР президент аппарат жетекчиси КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин жетекчилер Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

Коом 0

Чолпон-Ата, 07.09.18. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында КР президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агенттиктеринин жетекчилер Кеңешинин (КМШ Маалымат кеңеши) мүчөлөрү менен жолугушту.

Аппарат жетекчиси жыйынды ачып жатып, коноктор менен жылуу саламдашып, жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

“КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин жыйыны Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткандыгына жана бул жолугушуу бир катар маанилүү иш-чаралар менен удаа болуп жаткандыгына кубанычтамын. Күн мурун Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинин жыйыны жана үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар иш-чаралар ийгиликтүү болуп өттү. Сиздер кеңештин кезектеги 25-мааракелик жыйынында чогулуп жатасыздар. Сиздердин программа абдан жыш болду, эгерде убактыңыздар болсо Ысык-Көлдүн жээгиндеги меймандостукка күбө болуп кетсеңиздер абдан жакшы болмок”, - деди Эсеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен кызматташууга чоң маани бере тургандыгын билдирди.

Андан сырткары ал “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине 81 жыл болгонун белгилеп, ал КМШ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик агенттиктер менен байланышта экенин айтты. Анын айтымында, бул көрүнүш мамлекеттер арасындагы ар тараптан кызматташтыкка оң таасирин тийгизет.

“Биз маданий мүнөздөгү түрдүү интеграциялык иш-чаралардын алкагында маалыматтык кызматташтыгыбызды тереңдетүүгө даярбыз. Бүгүн 500дөн ашуун чет элдик ЖМКлар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларды чагылдырышууда. Алардын арасында силердин дагы кызматкерлериңер бар. Бул өз ара колдоо көрсөтүүнүн маалыматтык жана маданий багыттагы жакшы мисалы”, - деди Досалиев.

Жолугушуунун катышуучулары президенттин аппаратынын жетекчисине жолугушуу үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Алар Ысык-Көлдүн кооздугу тууралуу айтышып, отурумду өткөрүү үчүн ушундай кооз жер тандалып алынганына кубангандарын билдиришти.

Жолугушуунун аягында Эсеналиев кыргыз маданиятын жана жаратылышын чагылдырган символикалык белектерди тапшырды. ТАСС агенттигинин атынан аталган агенттиктин башкы директорунун орун басары Михаил Калмыков президенттин аппаратынын жетекчисине чакан белегин тапшырды.

Отурумга “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев, ТАСС агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков, ТАССтын КМШ жана Балтия секторунун жетекчиси Борис Грушин, “АЗЕРТАДЖ” Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров, “Арменпресс” маалымат агенттигинин аткаруучу директору Арам Ананаян, Белоруссиянын “БелТа” телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович, “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров катышты.

КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отуруму кечээ, 6-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн. Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук мамлекеттик агенттиги уюштурган.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий