• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР Президенти айрым жергиликтүү кеңештерди таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү дайындады

Президент 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө ” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн,49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен, Кадамжай шаардык кеңештери, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал, Кара-Суу айылдык кеңештери, Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңеши, Таш-Көмүр шаардык кеңеши, Ысык-Көлоблусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңеши, Нарын облусунун
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңеши, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңеши, Талас облусунун Талас районунун Жергетал айылдык кеңеши, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңеши, Сосновка айылдык кеңеши, Кемин районунун Кемин шаардык кеңеши, Кара-Булак, Кызыл-Октябрь айылдык кеңештери, Москва районунун Төлөк айылдык кеңеши, Панфилов районунун Курама айылдык кеңеши, Сокулук районунун Кызыл-Туу, Фрунзе айылдык кеңештери таркатылсын.

2. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2017-жылдын 28-майына дайындалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

- мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

5. Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу жана Кадамжай, Аксы, Токтогул, Ак-Суу, Ак-Талаа, Алай, Талас, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин документтеринин, материалдарынын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.

7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий