• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР Президенти Боинг 747 учагынын бортундагы жүк өзүнө тиешелүү делген айыпты жокко чыгарды

Президент 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-СУ айылында кыйроого учураган “Боинг-747” учагынын бортундагы жүк өзүнө тиешелүү делген айыпты жокко чыгарды.

“Учакта менин жүгүм болгонун айтып жатышат. Алар бул тууралуу кыйкырып эле жатышат, бирок өздөрү бул туура эмес экенин эң жакшы билишет. Эгер алар буга чындап эле ишенишсе, анда эмне үчүн ушул убакка чейин Стамбулга же Гонконгго барып, бул маалыматты текшеришип, далилдерди алып келишкен жок? Бул эмне оорбу? Эгер барып келгенге каражаттары жок болсо, билетти мен сатып берем. Алар муну жасашкан жок, анткени мунун бары жалган. Бул жөн гана ушак жана менин атыма көө жабуу”,-деди А.Атамбаев.

Ошондой эле, Президент Кипрде менин миллиондорум катылган эсебим бар экени тууралуу маалымат дагы жалган, бул дагы ошол эле сериянын уландысы. “Азыр парламент мыйзам чыгаруу органынан ушак тараткан органга айланды”,-деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий