• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР Президенти каржы кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, куттуктоодо мындай делет:

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика системасынын кызматкерлери!

Баардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Өз ишине берилген, өлкөнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, ийгиликтин негизги фактору болгон, мамлекетибиздин атаандашуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган кесипкөй экономисттерсиз жана финансисттерсиз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү мүмкүн эмес. Көпчүлүгүңүздөр экономика жана мамлекеттик финансы тармагындагы акыркы жылдары туруктуу мүнөзгө ээ болгон жакшы өзгөрүүлөрдүн жигердүү катышуучу жана демилгечиси болуп саналасыздар.

2016-жылдагы дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүндөгү созулуп келаткан жагымсыз тенденцияларга жана тышкы шокторго карабастан, Кыргызстан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин арасында эң чоң – 3,8% өсүшкө жетишти. 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен өсүштүн реалдуу темпи 7,7% түздү. Ошол эле мезгилде товарлардын экспорту 28,5 % өстү.

Учурда Кыргызстанда билимге жана жаңы технологияга негизденген экономиканы түзүү боюнча кайталангыс жаңы долбоор ишке ашырыла баштады. “Таза коом” долбоору коррупциядан жана чиновниктердин өзүм билемдигинен эркин болгон, негизги максаты адамга багытталган экономиканы, акыйкат жана таза коомду калыптандырууга багытталган. Бул долбоор азыркы күндө иштелип жаткан Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизин түзүүгө тийиш.

Кыргызстандын көпчүлүк финансисттери менен экономисттеринин башын бириктирген нерсе – өз кесибин жана мекендештерин урматтоо, Мекенди ардактоо, аны өнүктүрүүгө кызмат кылуу. Биз мамлекетибизди өнүктүрүү максатында улуттук экономика сыяктуу масштабдуу жана татаал комплексти модернизациялоо үчүн кошумча дем берүүчү шарттарды биргелешип издөөгө милдеттүүбүз. Өлкөгө жаңы идеялар, өлкөбүздүн ички чарбалык проблемаларын жана глобалдуу экономикалык аймактагы тенденцияларды жигердүүлүк менен изилдеп, аны өнүктүрүүнүн жолдорун терең билген билимдүү адистер керек.

Сиздердин тынымсыз аракетиңиздер өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүшүнө алып келип, биз финансылык жана экономикалык көз карандысыздыкка жетишебиз деп ишенем.

Биргелешкен күч аракет менен Кыргызстанды аймактагы жашоого ыңгайлуу болгон мамлекетке айландырабыз деп ишенем. Эркин жана бакубат жашаган адамдардын өлкөсүнө, бийлиги адилет жана жооптуу мамлекетке. Кайталангыс маданиятка ээ, тышкы таасирлерге туруктуу келген өнүккөн экономикасы бар мамлекетке айландырабыз.

Урматтуу финансисттер жана экономисттер!

Финансы жана экономика системасынын бардык кызматкерлерин дагы бир ирет кесиптик майрамы менен куттуктайм! Баардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, туруктуулук жана ишиңиздерге ийгилик каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий