• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Президенти Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, экспонаттарды сапаттуу сактоону, кайтаруу жана өрт коопсуздугу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуучу технологиялар тууралуу маалыматты укту.

Учурда жылытуучу, жарык кылуучу, суу менен камсыздоочу системаларды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери аяктап жатат. Имараттын чатыры толугу менен жаңыртылды. Гидроизоляция, жылуулукизоляция жана жылытуу системалары орнотулган.

Реконструкциядан кийин музейдин экспозициясы кыргыз элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын этаптарын таасын кылып көрсөтөт. Тарыхый музейи акыркы жылдары Кыргызстандын тарыхына, материалдык жана руханий маданиятына көрүүчүлөрдүн кызыгуусун канааттандырган өлкөдөгү эң ири музейлердин бири болот. Музейде заманбап фондсактоочу жай, өзүнүн реставрациялоочу жана көркөм өнөрканалары, заманбап музейлик жабдуулар менен камсыз болот.

Музейдин реконструкциясы менен таанышып чыгып, Президент Алмазбек Атамбаев бардык жумуштар сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоого тийиш экендигин баса белгиледи.

Маалымдама: Мамлекеттик тарых музейи 1984-жылы«Киргизпромстрой» институтунун коллективинин долбоору боюнча (С. Абышев, Р. Асылбеков, А. Кудели, В. Иванов, М. Сатыбалдиев) курулган. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен башталган Тарых музейинин имаратынын ремонту эки этапка бөлүнгөн.

Биринчи этап музейдин территориясын камтыйт. Музейдин территориясындагы гранит такталар алмаштырылып, мраморлор тазаланды, клумбалар орнотулду, имараттын фасадына жана территориясына жарык берүү жаңыртылды.

Экинчи этапта имараттын ички бөлмөлөрүн реконструкциялоо иштери башталды. Учурда фонддук жана экспозициялык жабдуулар жеткирилип жатат. Жеткирүү милдетин германиялык Vitrinen-und Glasbau REIER GmbH кампаниясы мойнуна алган, ички дизайн IGLHAUT+von GROTE GmbH архитектуралык бюро тарабынан долбоорлонгон. Бул кампаниялар мурда дүйнөдөгү Лувр (Париж), Шотландиянын Улуттук музейи (Эдинбург), Британиянын музеи жана Илимдер музейи (Лондон), Мамлекеттик Эрмитаж (Санкт-Петербург), Этнография музейи (Женева) сыяктуу белгилүү музейлерди реконструкциялоого катышкан. Алар дүйнөдө 3000 ашуун долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган.

Жаңы экспозиция илимий ырасталгандыкты жана көркөм табитти айкалыштырат. Компьютердик технологиялар маалыматтык аймакты кыйла кеңейтет. Музей «Аудиогид» системасы менен жабдылып, экскурсиялар бир нече тилде коштолот.

Жаңыланган музейдин ачылышы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий