• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР президенти расмий визит менен Тажикстанга барды

Президент 0


Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда расмий визит менен Тажикстан Республикасына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Душанбе шаарынын эл аралык аба майданында Сооронбай Жээнбековду Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзаде тосуп алды.

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Эки күндүк визиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен тар жана кеңири курамдардагы жолугушуулары болжолдонгон. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Эки Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзаде жана Тажикстан Намояндагон Мажлисинин Оли Мажлисинин Төрагасы Шукурджон Зухуров менен да жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий