• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Президенти С.Жээнбеков менен РФ Президенти В.Путиндин биргелешкен Билдирүүсү

Саясат 0

Бишкек, 30.03.19 /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тарыхта алгачкы жолу мамлекеттик иш сапары менен Кыргыз Республикасына келип кетти. Анын жыйынтыгында биргелешкен Билдирүү кылынды. Төмөндө биргелешкен Билдирүүнүн толук тексти келтирилген:

Бишкек, 2019-жылдын 28-марты.

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун чакыруусу боюнча Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин 2019-жылдын 28-мартында мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келди.

Ачык-айкын, ынак достук жана конструктивдүү маанайда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин негизги маселелерин, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагындагы кызматташтыкты, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу региондук жана эл аралык проблемаларды кеңири талкуулашты.

Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик жана аскердик-техникалык жааттарда эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу жүрүп жаткан жакшы динамикасын канааттануу менен белгилеп, 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимде, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияда жана 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасы м� �нен Россия Федерациясынын ортосундагы Союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө декларацияда каралган принциптерди жана милдеттерди өзгөрүүсүз жактаарын ырастоо менен Кыргыз Республикасынын Президенти жана Россия Федерациясынын Президенти төмөнкүлөрдү билдиришет:

  1. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү үчүн саясий диалогдун маанилүү экенин таануу менен президенттер өз ара аракеттенүүнүн жогорку, эң жогорку жана башка деңгээлдеринде ишенимдүү жана конструктивдүү байланыштарды андан ары кеңейтүүнү жактайт.

Мамлекет башчылары 2020-жылды Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы эки жактуу Жылы деп жарыялоо чечимин кабыл алышты.

  1. Президенттер соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктын артыкчылыктуу маанисин белгилешти жана анын ичинде өнөр жай, отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу, айыл чарбасы, кайра иштетүүчү сектор, логистика жана жол инфратүзүмү чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдоонун эсебинен аны ырааттуу өнүктүрүүгө болгон аракетин билдиришти.

Транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү, инновациялык долбоорлорду жана интеллектуалдык системаларды киргизүүнү, эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жаатында тыгыз кызматташуунун зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын аймагында темир жол тармагын этап-этабы менен өнүктүрүү долбоорлорунун болжолдуу техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну аяктоонун, россиялык жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу менен ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи.

Экономикалык кызматташтыктын келечектүү узак мөөнөттүү формаларын кеңейтүүгө, эки тараптуу сооданын көлөмүн жана эки мамлекеттин экономикасына капиталдык салымдарды көбөйтүү максатында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өнөр жай кооперациясын, коргоо-өнөр жай комплексин камтуу менен ар кандай чөйрөлөрдө тереңдетүүгө болгон өз ара кызыкчылык белгиленди.

Бул контекстте мамлекет башчылары эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын, ЕАЭБге мүчө болуу шарттарында Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн актуалдуу механизми катары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) иштерин жогору баалашты жана көп тараптуу өнүктүрүү институттарынын иштөөсүндөгү мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыктарын ырасташты.

Кыргыз тарабы россиялык финансы институттарынын Кыргызстанда иштөөсүн кубаттайт, инфратүзүмдүк долбоорлорду, социалдык объектилерди курууну, анын ичинде өлкөнүн региондорунда өнүктүрүүгө катышып жаткан Россия компанияларынын ишмердүүлүгүн канааттануу менен белгилейт.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын натыйжалуу ишинин деңгээлине канааттануу билдирилди жана анын бардык чечимдерин ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

  1. Эки өлкөнүн региондор аралык кызматташуу потенциалын жогору баалап, президенттер Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүштөрү менен Россия Федерациясынын субъекттеринин ортосундагы экономикалык жана гуманитардык мүнөздөгү көп пландуу мамилелерди кеңейтүүнү, кызыкдар чарбалык субъекттер, мекемелер жана уюмдар ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн зарыл шарттарды түзүү керектиги айтылды.

Эки өлкөнүн региондорунун ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү шарттаган актуалдуу маселелерди чечүү жана практикалык чечимдерди кабыл алуу үчүн келечектүү диалогдук аянт катары кыргыз-россия региондор аралык конференцияларды жыл сайын өткөрүүнүн, инвестициялык климатты жакшыртуунун, трансчек аралык долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экени белгиленди.

  1. Президенттер ЕАЭБ алкагында жалпы камтыган экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, евразиялык интеграциялык процесстердин динамикасын жогорулатууга, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуунун бирдиктүү эрежелерин орнотууга, товарлардын, тейлөөлөрдүн, капиталдын жана эмгектин жалпы рынокторунун дараметин тоскоолдуксуз алып салуу жана чектөөсүз толук көлөмдө ачууга багытталган координациялык аракеттерди улантуу жөнүндө макулдашты.

ЕАЭБ аймагында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү зарылдыгы өзгөчө белгиленди жана бул ишти улантуу боюнча өз ара ниеттер билдирилди.

Эки өлкөнүн жарандарынын Тараптардын аймагында өз ара жол жүрүүсү, болуусу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү экени баса белгиленди.

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына көрсөткөн техникалык жардамы үчүн Россия Федерациясына ыраазычылык билдирет.

  1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы билим берүү, илим, маданият жана көркөм өнөр, маалымат, саламаттыкты сактоо, дене тарбия жана спорт, туризм жаатында кызматташуунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, бул чөйрөлөрдө байланыштарды жөнгө салууну жигердүү шарттайт, Россияда кыргыз тилин жана Кыргызстанда орус тилин үйрөнүү боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтөт.

Президенттер Кыргызстан менен Россиянын илимий чөйрөлөрүнүн ѳкүлдѳрүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар тажрыйбасын кубаттайт. Тараптар эки өлкөнүн жогорку билим берүү мекемелеринин жана илимий-изилдөө институттарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнү, биргелешкен эл аралык илимий иш-чараларга катышуусун ар тараптан колдошот.

Ушуга байланыштуу мамлекет башчылары Бишкек шаарында өткөн Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун биринчи форумунун маанисин белгиледи жана бул иш-чараны үзгүлтүксүз негизде өткөрүүнүн максатка ылайыктыгын көрсөтүштү.

Мамлекет башчылары Тараптардын диний институттарынын багыты боюнча кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле алардын билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттенүүсүн кубаттайт.

Кыргыз Республикасындагы жана бүтүндѳй Борбордук Азия регионундагы ири билим берүүчү, илимий жана маданий борборлордун бири катары Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында президенттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы КРСУнун ишинин шарттары жана анын уставы жөнүндө жаңы келишимге жакын арада кол коюу үчүн иштеп чыгууну жана даярдоону колдойт.

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы саламаттык сактоо жана медицина жаатында, анын ичинде кадрларды даярдоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну улантат.

Президенттер Тараптардын спорттук жана олимпиадалык базаларын колдонуу менен спортчуларды-олимпиадачыларды даярдоо жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү кубаттайт.

  1. Мамлекет башчылары эки элдин кѳп кылымдык байланышы негиз болгон кыргыз-россия маданий кызматташтыгын жигердештирүүнү кубаттайт. Орток маданий мурасты чет өлкөлөрдө биргелешип илгерилетүү боюнча келишимге жетишилди. Көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүүгө, жалпы тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана илгерилетүү, ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын элдеринин жакындыгы бар салттарын жана баалуулуктарын популяризациялоо максатында күч-аракеттерин бириктирүүг ө даяр экендиги ырасталды.

Ушуга байланыштуу Кыргызстанда жана Россияда 2018-жылы көрүнүктүү советтик жана кыргыз жазуучусу

Ч. Т. Айтматовдун мааракесин белгилөөнүн алкагында өткөрүлгөн ири иш-чараларга жогорку баа берилди.

Жаштардын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү шексиз артыкчылык болуп таанылат, аны бекемдөөгө ар кандай фестивалдар, форумдар жана тегерек столдор өбөлгө болот. Тарыхый, билим берүү, маалыматтык жана агартуучулук мүнөздөгү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Президенттер биргелешкен аракеттерди өркүндөтүү, анын ичинде негизги эл аралык уюмдарда тарыхты фальсификациялоо, Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын кайра кароо, СССРди аны баштоочулардын бири катары көрсөтүүгѳ умтулуу, Европа жана Азияны фашизмден жана милитаризмден бошотууда Советтер Союзунун элинин салымын атайылап азайтуу аракеттерине каршы туруу зарылчылыгын баса белгилешти.

Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүгө жана өсүп келе жаткан жаңы муунду мекенчилдикке тарбиялоого мындан ары да өзгөчө көңүл бурулат. Бул багыттагы милдеттерди чечүү үчүн Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 80 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган биргелешкен демилгелер жана иш-чаралар өзгөчө мааниге ээ болот.

  1. Кыргызстан жана Россия курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү өркүндөтөт. Кыргыз тарабы «Уран казуучу өндүрүштүн таасири тийген мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программаны «Росатом» Атом энергиясы боюнча мамлекеттик корпорациясы тарабынан ишке ашыруунун жүрүшүн жогору баалайт. Тараптар бул багыттагы кызматташтыкты эки тараптуу форматта, Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиги жана башка эл аралык уюмдар менен да өз ара аракеттенүүнү улантат. Миң-Куш калктуу конушуна жакын жайгашкан мурдагы уран казуу өндүрүшүнүн объектилерине өзгөчө маани берилет.
  2. Мамлекет башчылары табигый кырсыктар жана техногендик кыйроолор менен байланышкан өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатында аракеттерди андан-ары координациялоого өз ара даяр экенин баса белгиледи, Эл аралык жарандык коргоо уюмунун ишине тиешелүү маселелер боюнча макулдашылган позициялар менен иш-аракет кылууга макулдашты.
  3. Мамлекет башчылары суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара кызматташууну, энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнү жакташат.
  4. Региондо коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан маселелерди тышкы чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы аракеттенүү контекстинде талкуулоо менен президенттер аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты андан ары тереңдетүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык бириккен аскердик базанын жайгашуу статусу жана шарттары жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы 2017-жылдын 20-июнундагы Аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында тереңдетүүгө даярдыгын тастыкташты.

Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо жана эгемендүүлүгүн коргоо зарылдыгын, анын ичинде эл аралык террордук түзүлүштѳр тарабынан мүмкүн болгон куралдуу кол салуу актыларына каршы аракеттенүүнү баса белгилөө менен мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн бекемдөөнүн жана анын аймагында жайгашкан россиялык аскердик объектилерди өнүктүрүүнүн маанисине көңүл бурушту.

  1. Президенттер Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы эки мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыздоо жана региондук туруктуулукту сактоо кызыкчылыгында эл аралык терроризм, диний экстремизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, коррупция, кылмыш жолу аркылуу алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу, баңги заттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү, контрабанда, маданий баалуулуктарга карата кылмыштар, курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү жана башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну ырааттуу бекемдөөнү улантарын белгилешти. Террористтик жана экстремисттик идеологиянын жайылтылышын, терроризмди каржылык жана материалдык-техникалык камсыздоону алдын алуу, ошондой эле чек аралык, экономикалык жана маалыматтык коопсуздукка карата коркунучтарга каршы аракеттенүү зарылдыгына көңүл бурулду. Көрсөтүлгөн багыттар боюнча саясий деңгээлде да, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын багыттары боюнча да өз ара иштеш үүнү өнүктүрүүдө кызыкдарлыгы, алардын биргелешкен ишмердүүлүгүн координациялоонун актуалдуулугу тастыкталды.
  2. Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы улуттук, этностук жана диний таандыктыгы боюнча басмырлоонун бардык түрлөрүн, терроризмди, анын бардык түрлөрүн жана көрүнүштөрүн чечкиндүү айыпташат, аларга натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тиешелүү резолюцияларын жана БУУнун Террорчулукка каршы глобалдуу стратегиясын бекем сактоо аркылуу жамааттык күч-аракеттер зарыл деп эсептешет.

Мамлекет башчылары эл аралык иштерде БУУнун координациялоочу ролун жактаарын тастыкташты, бул уюм глобалдык коопсуздукту сактоого, өнүгүүнүн жана маданий диалогдун мамлекеттер аралык жана эл аралык көйгөйлөрүн чечүүгө ѳбѳлгѳ болгон жалгыз универсалдуу эл аралык түзүм экендигин баса белгилешти.

Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы мындан ары да эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин карманууга, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, көз карандысыздыкты, теңдикти, мамлекеттердин эгемендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү, чек аралардын кол тийбестиги, кол салбоо, ички иштерге кийлигишпөө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу, күчтү же күч менен коркутууну колдонбоо принциптерин өз ара колдоо кызыкчылыгында БУУнун Уставынын максаттарын жана принциптерин колдонмого алууга ниеттенишет.

Президенттер эгемендүү мамлекеттерде бийликти конституциялык эмес алмаштырууга багытталган аракеттерди айыпташты. Санкциялык чөйрөдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өзгөчө укугун белгилөө менен бир тараптуу экономикалык жана саясий санкцияларды колдонууга жол берилбестиги жөнүндө билдиришти.

  1. Кыргызстан жана Россия Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин (КМШ) андан ары өнүктүрүүгө жана КМШнын бардык катышуучу мамлекеттеринин алдында турган актуалдуу милдеттерди чечүү үчүн анын потенциалын ачууга жигердүү катышууну улантат.

Мамлекет башчылары КМШ түздөн-түз мамлекеттер аралык диалог жана актуалдуу маселелер боюнча Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жамааттык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн аянтча катары зарыл экендигин тастыктаганын канааттануу менен белгилешти.

  1. Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Уставында жана 2025-жылга чейин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук стратегиясында тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо, Уюмга мүчө-мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн коргоо боюнча бекитилген максаттарды жана тапшырмаларды түздөн-түз кармануу менен, ЖККУнун потенциалын бекемдөөгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү улантышат.

Кыргызстан жана Россия өз ара аракеттенүүсүн ЖККУнун алкагындагы союздук милдеттенмелерине ылайык өнүктүрүшөт.

Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин ЖККУнун иш жүзүндөгү натыйжага багытталгандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы төрагалык кылган мезгилиндеги ишмердүүлүгүн жогору баалады.

  1. Кыргыз тарабы «Россия + Борбордук Азия» диалог аянтчасын түзүү жөнүндө Россия тарабынын демилгесин кубаттайт.
  2. Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык жана региондук коопсуздукту камсыздоодогу, Уюмдун алкагында көп пландуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдөгү жана анын тышкы байланыштарын кеңейтүүдөгү ролун андан ары бекемдөө боюнча күч-аракеттерин улантат. Тараптар өнүгүүнүн улуттук стратегияларын жана көп тараптуу интеграциялык процесстерди, анын ичинде ири евразиялык өнөктөштүктү түзүү кызыкчылыгында айкалыштырууга көмөк көрсөтүүгө ниеттенишет. Россия Федерациясы ШКУнун беделинин өсүшүнө жана Уюмдун кызматташуу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болуучу 2018-2019-жылдардагы ШКУдагы Кыргыз Республикасынын төрага-мамлекети катары ишмердүүлүгүн жогору баалады.
  3. Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун алкагында, анын ичинде Уюмдун бардык катышуучу мамлекеттери үчүн актуалдуу болгон темалар боюнча биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү камтуу менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууну ниеттенишет.
  4. Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы коопсуздук жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүүнү, Түндүк Атлантика келишим Уюмуна жана башка аскердик-саясий бирикмелерге тиешелүү маселелер боюнча позицияларын тыгыз координациялоону улантышат.
  5. Мамлекет башчылары болуп өткөн натыйжалуу сүйлөшүүлөр жана иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу документтер Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы салттуу болгон ынак достук, тең укуктуу мамилелердин, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы бир туугандык байланыштардын ырааттуу өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет деп баса белгилешти.
  6. Россия Федерациясынын Президенти В. В. Путин Кыргызстандын жетекчилигине, жалпы кыргыз элине Россия делегациясын жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековду Россия Федерациясына жооп иретиндеги иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү жана форматы дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

Пикир

Оставить комментарий