• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Атамбаев: Сот системасын реформалоодо сезилерлик натыйжалар жетишилди

Президент 0


Бишкек, 09.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандап алуу кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кеңештин 2011-2017-жылдардагы иштеринин жыйынтыктары, ошондой эле Кеңештин ишмердигин жакшыртууга багытталган чаралар туурасында маалымат берди.

Шамарал Майчиев судьяларды тандап алуунун жыйынтыгы менен Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, аларга теңештирилген облустук соттордун, өлкөбүздүн бардык облустарындагы жергиликтүү соттордун курамдары калыптандырылып жана иштеп жатышкандыгын маалымдады.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы жылдары сот системасын реформалоодо сезилерлик натыйжалар жетишилгендигин баса белгиледи. Зарыл болгон укуктук негиздер түзүлүп, сот корпусун жаңылоо процесси аягына чыкты, материалдык-техникалык база жакшырып жатат.

“Жарандардын сот системасына ишеними - укуктук мамлекеттин негизи. Болжолдонгон максаттарды ырааттуулук менен ишке ашыруу эл арасындагы сотторго карата терс мамилени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Судьяларды тандап алууда чынчылдык, адилеттүүлүк принциптерине берилгендик жана укуктун артыкчылыгы негизги критерийлерден болууга тийиш”, -деди Алмазбек Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий