• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Президенти: ШКУ ишмердигинин маанилүү багыты – коопсуздук болушу керек

Саясат 0

Астана, 9-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердигинин маанилүү багыты – коопсуздук тармагында кызматташуу болууга тийиш. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңири жыйынында айтты.

Анын айтымында, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту колдоо милдеттери, “коркунучтун үч күчүнө” каршы аракеттери көңүл чордонунда болуп, бул багытта ШКУ мамлекеттеринин кызматташуу механизмдерин жакшыртуу зарыл.

Мамлекет башчы белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун эскалациясынын уланышы терроризмди, сепаратизмди жана экстремизмди, баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууну жана уюшкан кылмыштуулукту жаратат. Ошондой эле, Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал ШКУ өлкөлөрү үчүн олуттуу чакырык болуп саналат.

“Радикалдык экстремизм идеологиясын жайылтуу, ШКУ өлкөлөрүнүн жарандарын ИМ жана террористтик уюмдардын катарына азгыруу олуттуу тынчсызданууну пайда кылууда. Буга байланыштуу биздин аймактык терроризмге каршы иштердин натыйжасын арттыруубуз зарыл. Бүгүн ШКУнун терроризмге каршы Конвенциясын кабыл алып жатабыз. Бул террорчулукка каршы күрөшүүгө кошкон белгилүү бир салым болот”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы туруксуздуктун күчөшү менен чек ара аймактарында ишенимди бекемдөө боюнча кызматташуунун актуалдуулугу жогорулай тургандыгын билдирди.

“Биз чек араларыбызды тынчтык жана достук жолуна айлантышыбыз керек. Ошондуктан биз Шанхай демине жакын болуп, ШКУ мамлекеттеринин чек ара маселелери боюнча кабыл алынган макулдашууларга ылайык аракеттешүүбүз зарыл. Бул келишим 2015-жылы кабыл алынган”, -деп белгиледи Президент.

Пикир

Оставить комментарий