• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР президенти Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясына катышат

Саясат 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 23нөн 27-сентябрга чейин мамлекет башчысы АКШнын Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын дебаттарына катышат.

“Сооронбай Жээнбековдун алдыда кутүлүп жаткан визити Кыргызстан уюмдар менен кызматташууга приоритеттүү маани бере тургандыгынан кабар берет. КРнын БУУ менен болгон алакасынын өнүгүүсү алардын башкы катчылары Пан Ги Мундун (2015-жыл) жана Антониу Гуттерештин (2017-жыл), ошондой эле мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасынын (2012-жыл) жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылдагы болгон визитинен кийин болду”, - деп билдирди Сыдыков.

Ал ошондой эле мындай визит Жээнбеков үчүн биринчилердин болуп жаткандыгын баса белгиледи.

"Визит Кыргызстан үчүн маанилүү саясий окуя болуп калышы керек, ал жерде мамлекет башчысы өлкөдө болуп жаткан коомдук-саясий жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берет. Ошондой эле мамлекет башчысы анын жетекчилиги алдында күтүлүп жаткан реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттар тууралуу айтып берет”, - деди Данияр Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий