• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР президенти Өзбекстандын өнөр жай продукциясынын көргөзмөсүнө катышты

Саясат 0

Ташкент, 14.12.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв менен бирге Өзэкспоборборду барып көрдү.

Мамлекет башчылар Өзбекстанда чыгарылган өнөр жай продукцияларынын жарманкеси менен таанышты. Айрыкча өлкө экономикасындагы акыркы жылдардагы жетишкендиктерге көңүл бурулду.

Президенттер мындай жарманкелердин маанилүүлүгүн айтып, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун өнүгүшүнө салым кошо тургандыгын билдиришти.

Жээнбеков өз кезегинде Өзбекстанда чыгарылган продукцияларга жогорку баасын берди.

Пикир

Оставить комментарий