• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР президенти жана Индиянын премьер-министринин катышуусунда кыргыз-индиялык бизнес-форум башталды

Экономика 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнь күнү Бишкекте Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кыргыз-индиялык бизнес-форум өтүүдө.

Форумга президент Сооронбай Жээнбеков менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышууда.

Эки күндүк бизнес форумдун алкагында соода алаканы талкуулоо, айрым маселелерди чечүүгө жол издөө, инвестициялык долбоорлор менен тааныштыруу болот.

Форумда 200дөн ашык киши катышып, алардын арасында чиновниктер, бизнес делегациялардын 50 өкүлү, эки өлкөнүн алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий