• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Президентине караштуу МБА Назарбаев Университети менен кызматташууну талкуулап жатат

Коом 0

Бишкек, 7-март /Кабар/. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Назарбаев университетинин мамлекеттик саясат Жогорку мектеби менен биргеликте Ысык-Көлдө жайкы мектептерди уюштурууну пландап жатат. Бул тууралуу КР Президентине караштуу МБА ректору А.Насыровдун Жогорку мектептин деканы Тат Хуэй менен жолугушуусунда айтылды.

Жогорку окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун алкагында мамлекеттик саясат боюнча илимий жана салыштырма изилдөөлөр жаатында кызматташуу, бир катар илимий-тажрыйбалык иш-чараларды жана Ысык-Көл облусунда жайкы мектеп уюштуруу талкууланды.

“Назарбаев университетинин мамлекеттик саясат жогорку мектебинде 7 мектеп иштейт. Окутууларды Азияда 2-орунда жана World University Rankings QS 2014 ылайык дүйнөдө 22-орунда турган Ли Куан Ю атындагы Сингапур улуттук университетинин Мамлекеттик саясат мектебинин атайын чакырылган профессорлору жүргүзөт. Жыл сайын МРР программасы боюнча окутууга 20-30 мамлекеттик грант бөлүнүп, тыштан келгендерге жатакана берилип, жакшы окуган студенттерге 100 миң теңге өлчөмүндө стипендия төлөнөт”, - деди Тат Хуэй.

Пикир

Оставить комментарий