• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР президентинин аппараты кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында казак чек арачылары бир гана элдик колдонуудагы товарларды дыкат текшерүүдөн өткөрүүдө. Казакстандын чек арасындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков комментарий берди.

Ал маалымдагандай, бүгүнкү күндө казак тарап менен сүйлөшүүлөр өкмөттүн деңгээлинде жүргүзүлүүдө.

"Казак тарап элдик колдонуудагы товарларды дыкат текшерүүгө алган. Ал эми айыл чарба жана тамак-аш азыктары жүктөгөн оор жүк ташуучу унаалар чек арадан штаттык режимде өткөрүлүүдө", - деп билдирди ал.

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев кошумчалагандай, эки өлкөнүн ортосундагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын иши боюнча өкмөттүн тиешелүү кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

"ЕАЭБ өлкөлөрүнө экпорттолгон кыргыз товарлары боюнча эч кандай маселе жаралган жок. Учурда айрым элдик колдонуудагы товарлары бар фуралар боюнча өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", - деди Иманалиев.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында “Ак-Тилек” көзөмөл бекетинде тиешелүү документтери бар айыл чарба жана башка азыктарды ташыган унаалар эч кандай көйгөйсүз өтүп жатат деп билдирген.

Министр Нурбек Мурашевдин буйругу менен бул чек ара бекетинде өсүмдүк карантини боюнча Департаментинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Айыл чарба азыктарын экспорттоодо аталган көзөмөл бекетинде көйгөйлөр пайда болсо 0500 577 888 номуруна чалсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий