• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР президентинин аппаратына 2018-жылы жарандардан 18 миңге жакын кайрылуу келип түшкөн

Президент 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2018-жылы (3-январдан 31-декабрына чейин) жалпы 17827 жарандардан кайрылуулар келип түшкөн. (2017-жылы — 10658), алардын ичинде:

— Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 14493 (2017-жылы — 8419);

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1458 (2017-жылы –555);

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 1196 (2017-жылы — 890);

— Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 503 (2017-жылы — 570);

— Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 177ни түздү (2017-жылы — 224).

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 14493 кайрылуулардын 14177си Президенттин Аппаратына, ал эми калган 316 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 14177 кайрылуулардын 7923ү (же 55,9%) көзөмөлгө алынды. Алардын 6734ү аткарылды (85,0%), 1189 жарандын кайрылуулары (15,0%) аткарылууда.

Ал эми 6254 кайрылуу (44,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 316 жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 83ү (26,3%) көзөмөлгө алынып, алардын 81и (97,6%) аткарылды, ал эми 2 арыз (2,4%) аткарылууда.

14177 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан — 5422 (38,2%) келип түштү.

Ал эми Чүй областынан — 2270 (16,0%),

Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан — 1726 (12,2%), Жалал-Абад областынан — 1623 (11,5%),

Ысык-Көл областынан — 1089 (7,7%),

Нарын областынан — 642 (4,5%),

Талас областынан — 317 (2,2%),

Баткен областынан — 603 (4,3%),

КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 485 (3,4%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын тематикасы жана мүнөзү негизинен 4 багытта болду:

  1. Көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча — 6487 кайрылуу же 45,0%ды түзгөн. Мындан 3709 көзөмөлгө алынып, андан 1675не түшүндүрмөлөр берилип, 59у толук жана 1885и жарым-жартылай чечилип, 90 арыз мыйзамдарга ылайык четке кагылган. Калган 2778 кайрылуу тиешелүүлүгүнө жараша сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, аларга тийиштүү жооптор берилген.
  2. Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча — 3357 кайрылуу же 23,2%, анын ичинде:

— социалдык кызматтын иши, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 595 кайрылуу;

— саламаттыкты сактоо маселелери боюнча — 408;

— курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча — 394;

-кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 387;

— билим берүү маселелери боюнча — 326;

— маданият маселелери боюнча — 224;

— эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы маселелери боюнча — 256;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тийиштүү, ошондой эле Аппараттын, министрликтердин жана башка ведомстволордун иши боюнча — 187;

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча — 163,

— айыл-чарба жана өндүрүш маселелери боюнча — 121;

— энергетика жана отун ресурстары маселелери боюнча — 111;

— экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча — 86;

— өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча — 43;

— мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча — 42;

— туризм маселелери боюнча — 14 кайрылуу.

Бул кайрылуулардын 1617си көзөмөлгө алынып, 108и толук, 1081 жарым-жартылай канааттандырылып, 68 кайрылуудагы өтүнүчтөр четке кагылгандыгын, 360 жаранга кайрылууларда көтөрүлгөн маселелери боюнча мыйзам чегинде түшүндүрмөлөр берилген. Калган 1740 кайрылуу тийиштүүлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жиберилип, аларга тийиштүү жооптор берилген.

  1. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулар — 1549 кайрылуу же 10,7%:

-жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө — 415;

— батир бөлүп берүү жана турак-жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө — 746;

— таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө — 85;

-мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы курулуштарды бузуу жөнүндө — 30;

— автожолду куруу жана оңдоо маселелери жөнүндө — 8;

-жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө — 265 кайрылуу.

Мындан 1135и көзөмөлгө алынып, 13ү толук, 473ү жарым-жартылай чечилип, 615не түшүндүрмөлөр берилген, ал эми 34 жүйөлүү себептерге байланыштуу канааттандырылган эмес. Калган 414 кайрылуу тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү мекемелерге жиберилип, аларга тийиштүү жооптор берилген.

  1. Мындан сырткары:

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 552;

— коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 475 кайрылуу келип түшкөн.

Жогорудагылар менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин атына каалоо-тилек, ыраазычылык каттар менен 84 жаран, мааракеге, жолугушууга жана башка иш-чараларга чакыруу менен 36 жаран, Президенттин кол тамгасы менен сүрөтүн сурап 141 чет өлкөлүк жаран, Жаңы жылга карата белек жана Президенттик балатыга чакыруу сурап 916 бала жана жеке кабыл алуусун сурап 269, Аппарат жетекчилигинин кабыл алуусун сурап 81 жаран кайрылгандыгын билдиребиз.

Ал эми, калган 554 жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 1458 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында — 877 (60,1%), Ош шаарында — 581 (41,9%), «ишеним телефондору» аркылуу 1196 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн 12 «түз эфири» аркылуу 177 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.ф

Пикир

Оставить комментарий