• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР президентинин аппаратына келип түшкөн кайрылуулардын саны көбөйдү

Президент 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2018-жылдын февраль айында жарандардан жана уюмдардан 1319 кайрылуу келип түшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 26% көптүк кылат. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, 2017-жылдын ушул эле мезгилинде – 976 кайрылуу түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча жарандардын кайрылуулары боюнча иштер өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жарандар өздөрүнүн кайрылууларын электрондук дарек аркылуу pisma@mail.gov.kg жана ошондой эле 720003, Бишкек шаары Чуй проспекти 205 дареги боюнча жөнөтсө болот.

2018-жылдын февраль айында жарандардын 1319 кайрылуусу боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинен:

- жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 1074 (2017-жылы - 727);

- коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 78
(2017-жылы - 48);

- “Ишеним телефондору” жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган жарандар – 107(2017-жылы – 125);

- Коомдук кабылдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардам алган жарандар – 48(2017-жылы - 57);

- Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн “түз эфири” аркылуу кайрылган жарандар –12ни түздү (2017-жылы - 19);

2018-жылдын февралында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) бардык 1074 кайрылуулардын 1044 Президенттин Аппаратына, ал эми калган 30 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 1044 кайрылуулардын 364 (же 34,9%) көзөмөлгө алынды, алардын 58 аткарылды(15,9%), 306жарандын кайрылуулары (9,4%) аткарылууда. Ал эми 680 кайрылуу (65,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарына, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы коомдук кабылдамасына келип түшкөн 30 жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 7(23,3%) көзөмөлгө алынып, анын 4 (57,1%) аткарылды, ал эми 3 арыз (42,9%) аткарылууда.

Президенттин Аппаратына келген 1044 кайрылууларды региондор боюнча бөлгөндө:

  • Бишкек шаарынын тургундарынан - 361 арыз, даттануу жана сунуштар келип түштү;
  • Чүй областынан – 129 (12,4%);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан – 139 (13,3%);
  • Ысык-Көл областынан – 95 (9,1%);
  • Жалал-Абад областынан – 172 (16,5%);
  • Нарын областынан – 47 (4,5%);
  • Баткен областынан – 36 (3,5%);
  • Талас областынан – 31 (3%);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн – 34 (3,3%).

Президентин Аппаратына келип түшкөн жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) 1044 кайрылуу тематикасы жана мүнөзү боюнча негизинен 9 топту түздү:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча –
523 кайрылуу (50%);

- турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 103 (9,9%);

- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 83 (8%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 61(5,8%);

- мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 37 (3,5%);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 29 (2,8 %);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (проценти жок же төмөнкү проценттүү) – 26(2,5%);

- отун-энергетикалык комплексине байланыштуу маселелер боюнча – 18 (1,7%) кайрылуу.

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча –15 (1,4%);

Ал эми калган 149 (14,3%) кайрылууда социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган (2017-жылы –179).

2018-жылдын февраль айынын ичинде President.kg расмий интернет-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден 233 жарандын электрондук кайрылуулары келип түштү (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде - 163), анын ичинде:

· Бишкек шаарынан – 77 (же 33%);

· Чүй областынан - 44 (18,8%);

· Ош областынан жана Ош шаарынан – 31 (13,2%);

· Жалал-Абад областынан - 17 (7,3%);

· Ысык-Көл областынан - 17(7,3 %);

· Нарын областынан - 15 (6,4 %);

· Баткен областынан - 11 (4,7%);

· Талас областынан - 0 (0%);

· КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 21 (9%).

Электрондук почта аркылуу келген кайрылуулар тематикасы боюнча негизинен 4 топту түздү:

- сот, укук коргоо органдарынын ишмердиги жана коопсуздук маселелери боюнча – 73(31,3%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 23 (9,9%);

- саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү маселелери боюнча – 14 (6%);

- финансы, кредит, отун-энергетика, транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча – 20 (2,14%);

Ошондой эле, жарандардын башка багыттагы көйгөйлүү маселелери жана сунуштары боюнча – 103 (44,2%) кайрылуу келип түштү.

Расмий интернет-сайт аркылуу келип түшкөн кайрылуулардын 148 (63,5%) жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө, ал эми калган 85 жарандардын кайрылуулары (36,5%) тиешелүүлүгүнө жараша Президенттин Аппаратынын башка бөлүмдөрүндө каралуу менен мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга аткарууга жиберилип, көзөмөлгө алынды жана жыйынтыктары боюнча арыз ээлерине жооптор жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий