• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР президенттин аппаратында эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок — Толгонай Стамалиева

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине айрым ЖМКларда президенттин аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болду деген өңүттө тараган маалыматтарга байланыштуу комментарий берип жатып КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Эске сала кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп, анын ордун Кубатбек Боронов ээлейт деген маалымат чыккан.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок», - деп баса белгиледи Т.Стамалиева.

Пикир

Оставить комментарий