• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР президентинин аппаратынын 8 кызматкеринде коронавирус инфекциясы тастыкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. КР президентинин аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

КР делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, КР президентинин аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышкан.

Анализдердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий