• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Президентинин Аппаратынын кызматкерлери Ботаникалык бакчадагы ишембиликке катышышты

Коом 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков баштаган кызматкерлери Бишкек шаарындагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчадагы ишембиликке катышышты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын Аппаратынын кызматкерлерин ботаникалык бакчаны жакшыртуу пландары менен тааныштырышты. Андан соң көчөттөр отургузулду.

“Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаев ботаникалык бакчага көңүл бурат. Бакчанын көрүнүшүн жакшыртуу, ботаникалык бакчаны шаардыктардын сүйүктүү жайына жана бардыгыбыздын сыймыгыбызга айлантуу жана үчүн биз дагы көп иштерди аткаруубуз зарыл”, - деп белгиледи Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий