• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР президентинин ар тараптуу диалогго ачык экендигин көрдүм – Бениндин КРдагы элчиси

Саясат 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Бенин республикасы Кыргызстан менен айыл чарба, туризм жана билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар. Бул туралуу аталган республиканын Кыргызстандагы элчиси Клеман Кики билдирди.

Кыргызстандын президентине Ишеним грамотасын тапшырып, мамлекет башчысы менен болгон баарлашуусу тууралуу кыскача айтып берди. Анын айтымында, президент менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жогоруда аталган тармактар жаатында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болгон.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Жээнбеков ар тараптуу диалогго даяр экендигин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий