• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таалатбек Масадыков Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Баку шаарында КР президентинин атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева менен жолугушту. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты

Жолугушууда азыркы доордо түрк элдеринин жалпы маданияты түрк мамлекеттеринин ортосундагы өз ара достукту жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү бириктирүүчү фактор экендиги баса белгиленди.

Фонддун жалпы түрк маданий мурасын эл аралык аренада коргоо жана жайылтуу багытындагы ишмердүүлүгү түрк дүйнөсүнүн интеграциясына кошкон маанилүү салымы катары бааланды.Ошондой эле фонд тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кыргызстандын байыркы баалуулуктарын, бай маданиятын чагылдырган жана алга жылдырган долбоорлордун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жолугушууда дүйнөнүн фольклордук казынасына кирген эң бай Кыргыз элинин руханий эстелиги - "Манас" эпосун тереңдетип изилдөө багытында фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун сериясы жогору бааланды.

Тараптар фонд менен уюмдун уюштуруучу-өлкөсүнүн - Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары кеңейтүү багытында биргелешкен кызматташууну колдоорун билдиришти.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев катышты.

Пикир

Оставить комментарий