• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР президентинин делегациясында коронавирус аныкталгандар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. КР президентинин делегациясында коронавирус аныкталгандар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Маалымат жыйында “президентти Москвага коштоп баргандардын анализи бизде таза чыкса, Москвада тапшырган анализдери оору бар экенин көрсөттү. Биздин ПЧР-тесттер сапатсыз жүргүзүлүп жатабы?” деген суроо узатылды.

“Сапатсыз ПЧР-тест жүргүзүлбөйт. Лабораториялар бирдей эле. Анализдер качан тапшырылганы боюнча так маалыматым жок экен. Анализди тапшырып, бир түнүндө оору жуктурган адам менен байланышта болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан муну изилдеп туруп жыйынтыгын айтуу керек”, - деди ал.

Аны менен бирге ал делегация мүчөлөрү канча күн обочолонууда болорун айтып берди.

“Коронавирус аныкталган 2 киши Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калгандары обсервацияга алынды. Инкубациялык мезгил 14 күн. Делегация мүчөлөрү 3 күн обочолонууда болот. Клиникалык белгилерин карап туруп, кайра лабораториялык текшерүүдөн өткөндөн кийин жумушка чыкса болот”, - деди ал.

Эскерте кетсек, президент Сороонбай Жээнбековду Москвага коштоп барган эки кишиден коронавирус аныкталган. Ага байланыштуу президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышкан жок.

Пикир

Оставить комментарий